Бир суткада жаңы 298 учур катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында— 59, Ош шаарында— 33, Чүй облусунда — 13, Ош облусунда— 51, Талас облусунда — 3, Ысык-Көл облусунда — 13, Жалал-Абад облусунда — 40 жана Баткен облусунда 86 учур катталды.
Март айынан бери 49 миң 528 киши вируска чалдыкты.