12:33
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Мелис Мырзакматов Сооронбай Жээбековду азырынча кызматтан кетпөөгө чакырды

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов президент Сооронбай Жээнбековду Кыргызстанда абал турукташканга чейин кызматын тапшырбай турууга чакырды. Бул тууралуу ал өзүнүн соцтармактагы баракчасына жазып чыкты.

«Биз өлкөбүздө тартипти жана мыйзамдуулукту сактап калышыбыз керек. Ошондуктан, мен президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып: Кыргызстандын көп улуттуу калкы акылмандык жана өлкөнүн тагдыры, тынчтык, тартип үчүн жоопкерчиликти күтүп жатат. Кыргызстанда туруктуулук камсыз болгонго чейин мамлекет башчысынын ыйгарым укуктарын тапшырбашыңыз керек», — дейт Мелис Мырзакматов.

5-октябрь күнү Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыгына каршы митинг өттү. Анда 12 партиянын өкүлдөрү шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышты.

Түнү митингчилер президенттик администрация менен парламенттин имаратын басып алышты.

Эң көп окулган жаңылыктар