05:31
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Венгрия кыргызстандык студенттерге акысыз окууга бөлүнгөн орундарды көбөйттү

Венгриянын жогорку окуу жайларына жылына бюджеттик негизде 150 кыргызстандык студент кабыл алынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Буга чейин Венгриянын ЖОЖдоруна жылына 25 студент акысыз окуй алса, эми кошумча 75 орун ачылды. Анын 30у бакалавр, 30у магистратура, 15и докторантурадан бөлүндү. 

Окууга кабыл алынган студенттерге Венгрия тараптан жаратылуучу шарттар:

— акысыз окутуу: магистратура, бакалавр (айыл-чарба, социалдык илимдер, маалыматтык технологиялар, экономика, техника, табийгый илимдер, спорт жана мамлекеттик саясат багыттары) жана докторантура (бардык багыттар);

— толук окуу мезгили ичинде ай сайын стипендия берилет: бакалавр жана магистратура — 40 460 форинт (120 евро), докторантура 140 0000 форинт (415 евро);

— жатаканадан орун берүү же үй-бүлөлүк турак үчүн 40 000 форинт (120 евро) төлөп берүү;

— медициналык камсыздандыруу.

Аталган өлкөдө окууну каалагандар жылдан жылга көбөйүүдө жана көбүнчө Кыргызстандык жарандар эл аралык мамилелер, эл аралык бизнес, IT, журналистика, менеджмент и экономика багыттарын тандашат.

Венгриядагы эң популярдуу жана таанымал университеттер болуп Будапешттеги Корвин университети, Этвеш Лоранд университети, Дебрецен университети, Печ университети, Ыйык Иштван университети жана Будапешт технологиялар жана экономика университети саналат.

Эң көп окулган жаңылыктар