06:46
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

COVID-19. Вирус жуктурган медициналык кызматкерлердин саны 3 миң 255ке жетти

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 12 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.

Бишкек шаарында — 3, Ош шаарында — 3, Жалал-Абад облусунда — 6 медкызматкер коронавируска чалдыкты.

Ал эми бир суткада ооруканалардан 6 медкызматкер жана үй карантининен 10 медкызматкер айыгып чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында — 3255 учур катталды, алардын ичинен 3008 медкызматкер айыгып чыкты.

Эң көп окулган жаңылыктар