10:08
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

24.kgнин иликтөөсү: Коронавирустун күчөшүнө алып келген бийликтин үч жаңылыштыгы

24.kg агенттигинин маалыматтарды анализдөө бөлүмүнүн иликтөөсү эгер бийлик окмуштуулардын кеңешине кулак салганда коронавирустун жай айындагы жайлашын алдын-алуу мүмкүнчүлүгү

Мамлекеттин шалаакылыгы июнь-июль айында 1 миң 362 адам өлүмүнө алып келди.

Эми бийлик жайкы каталардан сабак алып, пандемиянын экинчи толкунуна татыктуу каршылык көрсөтүшү керек. Анткени, чаралар таасирлүү болбосо бул жолу вирустун кесепети оор болушу күтүлөт.

1-ката: Социалдык аралыкты сактоонун зарылдыгы боюнча маалыматтык кампания жүргөн жок

Our World in Data долбоорунун маалыматында, Кыргызстан май айында эле коронавируска каршы маалыматтык кампанияны чабал жүргүзгөн төрт өлкөнүн (Түркменстан, Беларус жана Йемендин) катарына кирди.

Жыйынтыгында июнь айында вирус жугузгандардын саны кескин өсүп, анын кесепети пневмонияга алып

2-катат: Саламаттыкты сактоо тармагын жөнгө салуунун ордуна чектөөчү чаралар

Карантиндин чектөөлөр саламаттыкты сактоо тармагына басымды азайтуу үчүн киргизилет. Бирок, өзгөчө абал учурунда өкмөт медицина тармагын даярдыктан өткөрө алган жок.

24.kg өкмөттүн пандемия учурундагы чечимдерин карап чыкты. Анда, саламаттыкты сактоо тармагына сатып алуулар, ооруканаларды ачуу илдет жайылып, күч алган жай айларында гана шашылыш көрүлгөнүн байкайбыз.

3-ката: Вирус жугузган адам менен байланышта болгондорго көзөмөл жоктугу

24.kg агенттигине берген маегинде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев пандемиянын башынан 7-сентябрга чейин 326 миң 652 анализ текшерилгенин айтты. Бирок, жумасынан кайсы аймакта канча ПЦР тест жасалганын ачыктаган жок. Андыктан көз карандасыз серепчилер эпидемиянын көлөмүн так аныктай алышпайт.

«Эгер ооругандардын санын төрткө көбөйтсөк 160 миң адамга вирус жуккан болот», — дейт Мадамин Каратаев.

Материалды орус тилинде толугу менен бул жерден окуй аласыздар.

Дата-редакторлор: Кристина Шведа, Анастасия Валеева.

Иллюстрация: Надежда Хабичевская.

Материал «Интерньюс в Кыргызстан» уюмунун USAID, Дүйнөлүк банк, DFID жана IDEMдин колдоосунда ишке ашып жаткан дата-журналистика боюнча «Медиа-К» долбоорунун стипендиаттары тарабынан даярдалды.

Программанын ментору Анастасия Валеева.Материалдагы пикирлер жана бүтүмдөр «Интерньюс» уюумунун жана анын өнөктөштөрүнүн көз-каращын билдирбейт.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума