17:17
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Чет өлкөдөгү 32 миң кыргызстандык шайлоого катышууга катталды

Чет мамлекеттерден добуш берүүгө 32 миңден ашуун кыргызстандык каттоого турду. Бул тууралуу Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында башка мамлекеттерде жүргөндөр үчүн атайын 45 добушкана ачылды.

«Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча дагы айтып кетейин. Чет өлкөдөгү 45 участокто акыркы маалымат боюнча 32 580 жаран катталды», - деди ал.

Белгилей кетсек, быйыл Италиянын Рим жана Франциянын Париж шаарында дагы добушканалар ачылды.

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтөт. 

Эң көп окулган жаңылыктар