11:30
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кинотеатрларды ачуу үчүн документтер даяр. Штаб эмне деп жооп берет экен

Кинотеатрларды ачуу үчүн документтер даяр. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттигине маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, мекеме республикалык штабга кинотеатрларды ачуу тууралуу сунушун киргизген.

«Азырынча алар качан ачылаарын так айта албайбыз. Ушул аптада аталган маселени кайтадан талкууга салабыз. Документтер даяр — республикалык штабдын чечимин күтүп жатабыз», — деди Азамат Жаманкулов.

Эске салсак, Кыргызстанда коронавирус таркай баштаганда, кинотеатрлар өз ыктыяры менен биринчилерден болуп жабылган.

Эң көп окулган жаңылыктар