18:43
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Вирус жуктургандардын саны өсүүдө. Той-аштар токтобосо өкмөт кескин чарага барат

Эл көп чогулган массалык иш-чараларды жана тойлорду өткөрүүгө тыюу салуу талабынын сакталышы боюнча көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилди. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды.

Жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү өлкөнүн айрым райондорунда коронавирус инфекциясынын тастыкталган учурлары жана өпкөсү сезгендер көп катталып жатканын билдиришти.

Бул кыргызстандыктардын бет кап тагынбай калышына жана эл көп чогулган иш-чараларды өткөрбөө талабынын сакталбашына байланыштуу.

өкмөт.

«Тагыраак айтканда, жүргүзүлүп жаткан эпидемиологиялык иш-чаралар жана түшүндүрүү иштери жарандар тарабынан көз жаздымда калууда», — дейт өкмөт.

Жыйындын катышуучулары кафе жана ресторандарда ар кандай салтанаттар өткөрүлүшү боюнча учурлар байма-бай катталып жатканын белгилешип, массалык иш-чараларды өткөрүү жана айып пулдун өлчөмүн көбөйтүү үчүн административдик чараларды күчөтүү мүмкүнчүлүгүн белгилешти.

«Ишкерлер коронавариска каршы күрөшүүгө жардам берүүнүн ордуна, ар кандай амалдарды жасап, адамдарды кафе-ресторандарынын артындагы эшиктеринен киргизип, тойлорду жашыруун өткөрүп жатат», — деди вице-премьер Алмазбек Баатырбеков.

Алмазбек Баатырбеков тойлорду жана башка массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча абал өзгөрбөсө, өкмөт мыйзамга ылайык башка чараларды кабыл аларын эскертти.
Эң көп окулган жаңылыктар