21:56
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Жээнбеков БУУнун жыйынында КРнын тышкы карызын кайра карап чыгууну суранды

Президент Сооронбай Жээнбеков БУУнун жыйынында сөз сүйлөдү. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйыны онлайн өттү. Өлкө башчылары видео кайрылуу жолдошту.

Сооронбай Жээнбеков пандемия Кыргызстандын социалдык чөйрөсү менен экономикасына терс таасирин тийгизгендигин белгиледи.

«Орто жана чакан бизнес жабыркады. Кыргызстан мындай оор күндөрдө колдоо көрсөткөн өнөктөш-өлкөлөргө жана эл аралык уюмдарга ыраазычылыгын билдирет», — деди ал.

Президенттин айтымында, коронавирустун кесепети тышкы карыз көйгөйүнө катуу таасирин тийгизди.

««Чоң жыйырмалыкка» жана эл аралык каржы уюмдарына карыздарды төлөөнү токтотуу боюнча чечими үчүн ыраазычылык билдирем. Биз ошондой эле туруктуу өнүгүү долбоорлорунун ордуна тышкы карызды терең реструктуризациялоо боюнча сунушубузду колдоп берүүңүздөрдү өтүнөбүз», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби