04:39
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Россия Кыргызстан менен авиакаттамдарын жандантат

21-сентябрдан тарта Россия Кыргызстан менен аба каттамдарын жандантат. Тиешелүү буйрукка РФнын премьер-министри Михаил Мишустин кол койгону кабарланды.

Кыргызстан менен бирге Казакстан, Беларус, Түштүк Корея менен учак каттамдарын ачуу чечимин кабыл алынды. Ага ылайык, 21-сентябрдан тарта Москвадан Бишкекке, Нур-Султанга, Минскке, ал эми 27-сентябрдан тарта Сеулга жумасына бир жолу учак каттамы ишке ашмакчы.

Белгилей кетсек, Россиядан Кыргызстанга атайын рейстер уюштурулуп келет.