23:04
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Өзгөндө офицер кокустан өзүнүн бутуна ок атып алды

Өзгөн районунда Аба коргоонуу күчтөрүнүн офицеринин бутуна ок тийди. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өздүк маалымат булактары билдирди.

Кечээ кечинде ага лейтенант райондук ооруканага жеткирилген.

Башкы штабда маалыматты ырасташты. Алардын айтымында, офицер куралды тапшырып жатып, кокустан бутуна ок атып алган.

«Ал дароо ооруканага жеткирилди. Абалы жакшы, ок этине гана тийген», — дейт Башкы штаб.

 
Эң көп окулган жаңылыктар