09:26
USD 87.00
EUR 90.63
RUB 0.79

Нарында концерт өткөргөнү үчүн партия талапкерине 7 миң 500 сом айып салынды

Борбордук шайлоо комиссиясынын 14-сентябрда өткөн отурумунда Д.Жусуповдун арызы каралды. Жаран саясий партиянын мыйзамга каршы келген үгүттөө ишин караштырып, чара көрүүнү суранган. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, айрым маалымат агенттиктери чектөө чараларына карабастан «Мекеним Кыргызстан» партиясы концерт уюштурганын жазып чыгышкан.

Арыз ээсинин пикири боюнча, концертте ырдап чыккан кыздын жаш курагына баа берүү керек.

Мындан тышкары «Кыргызстан» партиясы өзүнүн шайлоо алдындагы программасында «балага сүйүнчү» маселесин көтөрүп, плакатында 18 жашка толо элек баланын сүрөтүн пайдаланган.

Жумушчу тобунун отурумуна катышкан партиянын өкүлү Токтакунова менен депутаттыкка талапкер Канат Азиздин айтымында, Нарын облусунун Баетов айылында талапкер К.Исмамбетов чындап эле иш-чара өткөрүптүр. Бирок партия жетекчилиги ал жерде үгүттөө иши жүрүп жатканы тууралуу маалыматы жок эле.

Партия өкүлү Токтакунованын берген маалыматына ылайык, концертке катышкан ырчынын жаш курагын видеодон так аныктоого мүмкүн эмес, жана жоопкерчилик чараларын талапкер Исмамбетовдун өзүнө колдонууну суранды.

«Балага сүйүнчү» плакатындагы сүрөт боюнча «Кыргызстан» партиясы буга чейин эскертүү алып, аталган плакаттар алынып салынган.

Отурумдун соңунда жумушчу топ «Мекеним Кыргызстан» партиясына жазуу жүзүндө эскертүү жасап, талапкер К.Исмамбетовго 7 миң 500 сом айып салынды.

Эң көп окулган жаңылыктар