19:22
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Петербургда «каапырларды өлтүрүүнү көздөшкөн» шек менен мигранттар кармалды

Санкт-Петербургда Сирияга барып «Ислам мамлекети» радикал тобуна кошулууну көздөп жаткан Тажикстандын жети жараны кармалганын коопсуздук кызматтарына таянып бир катар орусиялык маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматтарда Сирияга жөнөрдүн алдында борбор азиялык мигранттар күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнө кол салып же каапырларды жок кылууну көздөшкөнү айтылат.

Бир нече күн мурда Москвада «терракт уюштурууну көздөп жаткан» деген кине менен дагы бир тажикстандык кармалган. Коопсуздук күчтөрү менен атышууда окко учкан ал жаран 19 жаштагы Одил Каюмов экени кийин белгилүү болгон.

Тажикстандын Москвадагы элчилиги Каюмовдун өлүмү боюнча орус бийлигинен түшүндүрмө талап кылганын «Азаттыкка» билдирди. Азырынча жооп келе элек.

Орусиядагы борбор азиялык мигранттар менен иштешкен укук коргоочулар Каюмовдун жок кылынышы күч түзүмдөрүнүн атайылап жүргүзгөн операциясы деп эсептешет.

Эң көп окулган жаңылыктар