Бишкек шаардык мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев өзүнүн социалдык баракчаларына, бейтапка куюлган тамчылатма дары түгөнгөнчө кармап турган ыктыярчынын сүрөтүн жарыялады.
Сүрөттө көрсөтүлгөндөй, ыктыярчы тамчылатма дарыны кармап турган. Ал эми бейтаптын үйүндө аны орнотууга мүмкүнчүлүк жок болгон.
«Мындай эл, мындай жүрөк менен биз өлкөнү сактап калабыз. Биз жалгыз эмеспиз! Биз бир бүтүнбүз! Ыктыярчыларга таазим», — деп жазат Балбак Түлөбаев.