09:09
USD 88.67
EUR 95.49
RUB 0.96

Жалпы республикалык тестирлөө. 53 бүтүрүүчү Алтын сертификат алды

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 53 бүтүрүчү Алтын сертификат алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин пресс-кызматы маалымдады.

Маалым болгондой, жалпы тестирлөөгө 43 миң 245 мектеп окуучусу катышкан.

Эң жогорку балл 229 болду. Жогорку баллды Ош облусунун Алай районундагы Кабылан-Көл айылынын Э.Мурзаев атындагы орто мектептин бүтүрүүчүсү Нурбек кызы Акмарал алды. Экинчи орунду 228 балл менен Нуртилек Тобокелов (Талас, «Манас Ата-Себат» лицейи), Намыс Идырысов (Ысык-Көл районундагы Э.Керимгазиев атындагы мектеп) жана Чолпон Абдисуханова (Кадамжай лицейи) ээлешти. Ал эми үчүнчү орунду Бишкек шаарындагы «Газпром Кыргызстан» мектебинин бүтүрүүчүсү Тимур Сулайманов 227 балл менен татыды.

Бишкек шаарында — 28 бүтүрүүчү, Чүй жана Баткен облустарында — 6, Ысык-Көлдө — 4, Ошто — 3, Ош жана Талас облусунда экиден, ал эми Нарын жана Жалал-Абад облустарында бирден бүтүрүүчү татыган.

Эң көп окулган жаңылыктар