14:19
USD 76.84
EUR 90.50
RUB 1.04

Республикалык штаб: Гепарин бир адамга бирден гана сатылат

«Неман-Фарм» ишканасы COVID-19 вирусунун симптомдорун дарылоо үчүн гепарин дарысынын партиясын алып келди. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдады.

Маалыматка караганда, дары «Немандын» башка филиалдарына жеткирилди. Алып-сатууларды алдын алуу үчүн дары 443 сомдон бир адамга бирден эле сатылууда.

Штаб дары-дармектердин баасын кымбаттап саткан учурларды Экономикалык кылмышка каршы күрөшүү кызматына кабарлоого чакырат.