«Бишкек жашыл чарба» ишканасынын кызматкерлери жандуу ыр менен бак-дарактарды суугарышууда. Видеону 24.kg агенттине муниципиалдык мекеменин пресс-кызматы бөлүштү.
Анын айтымында, Айбек Жакашов Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваторияны аяктаган. Карантинге чейин ал ар кандай иш-чараларда жана тойлордо ырдачу.
«Ал жумушка чыгаарда мукам үнү менен ырдап баарынын маанайын көтөрөт. Жумушу менен талантын айкалыштырганды билет», — деп билдирет мекеменин пресс-кызматы.
Буга чейин «Тазалык» ишканасынын кызматкери Адилет Туратбек уулу бир нече белгилүү кыргыз ырларын аткарып, көпчүлүктү таң калтырган.