Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда 12-июнь Россия күнүнө карата майрамдык концерт болуп өттү. Бул тууралуу маданият министрлигинен билдиришти.
Концерт министрликтин, Кыргыстандагы Россия Федерациясынын элчилиги жана Кыргызстандагы Россия кызматташтыгынын өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган.
Эпидемиялык кырдаалга байланыштуу концерт көрүүчүлөрүсүз өтүп, бирок концерттен түз эфирде көрсөтүлүп жатты.
Концерттин жүрүшүндө орус жана кыргызстандык аткаруучулар онлайн режимде ыр аткарышты.