Кыргыз-өзбек чек арасындагы жаңжалдан жаракат алгандардын ичинен экөөнүн абалы оор. Бул тууралуу 24.kg Саламаттыкты сакто министрилигинен маалымдашты.
Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Айдаркен шаарчасындагы ооруканада дарыланып жаткан 4 кыргызстандыктын ичинен экөөнүн абалы оор.
«Эки жаран жандандыруу бөлүмүндө жатат, тилекке каршы алардын абалы оор. Калган 2 жаран хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Алардын абалы канааттандыраарлык», — деп билдирет маалыматта.
Бир күн мурун биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Баткен облусунун чек ара чырында жабыркаган тургундар менен жолугуп кайткан.
Эске сала кетсек, өзбек-кыргыз чек ара чыры 31-майда эки тараптын «Чечме» булагын талашуусунан улам келип чыккан. Талаш-тартыштан улам алар бири-бирине таш ыргытып, кырдаал курчуп кеткен. Жалпы 25 кыргызстандык ооруканага кайрылган.