Коронавируска байланыштуу Ош жана Бишкекте феминисттер жүрүшү болбойт.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен коронавирустун коркунучунан улам массалык иш-чараларды 1-июлга чейин өткөрүүгө тыюу салды.
Ош шаарынын мэриясы 8-мартка карата аялдар жана балдардын укугун коргоо боюнча «Новый ритм» кыймылы уюштуруп жаткан жүрүшкө уруксат берген жок.
Маалыматка караганда, түштүк борборунун администрациясы бул чечимин коронавирустун алдын-алуу боюнча республикалык штабдын массалык иш-чараларга тыюу салган буйругу менен негиздеген.
8-мартка карата аялдардын укугун коргогон жүрүш акыркы эки жылдан бери өтүүдө. Былтыры андагы айрым ураандар жана ага ЛГБТ өкүлдөрүнүн катышуусу нараазычылык жараткан.