Жеңиштин 75-жылдыгына карата согуш ардагерлерине 75 миң сомдон берилет. Бул тууралуу президенттин басма-сөз кызматы маалымдайт.
Учурда Кыргызстанда Улуу-Ата-Мекендик согуштун 251 ардагери бар. Анын 65 майып, 153ү фронт катышуучулары, дагы 15 киши концлагер жана башка абактарда кармалгандар.
2010-жылдын 1-январынан тарта согуш ардагерлерине ай сайын жеңилдиктердин ордуна 7 миң сом жана президенттик стипендия ктары 10 миң сом берилет.
Андан сырткары, алар пенсия дагы алып турушат.