23:18
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Таабылды Тиллаев: Тажик генералынын сөзүнө баа берилиши керек

Согди облусунун ички иштер башкармагынын начальниги генерал Абдулло Навжувоновдун сөзүнө баа берилиши керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таабылды Тиллаев билдирди.

Ал Тышкы иштер министрлигин генерал сөзүнө баа берип, эл аралык келишимдердин негизинде жооп айтууга чакырды.

«Андай сөз андай жерде айтылбаш керек. Мындай көз-карашта кызматкерлер жооптуу орундарда иштебеши зарыл», — деди депутат.

Белгилей кетсек, Тажикстандын Бишкек шаарындагы элчигинин алдындагы өткөн митингден кийин Душанбе Абдулло Навжувоновдун билдирүүсү боюнча үн катты. Тажикстандын Тышкы иштер министри генерал жеке пикирин айтканын белгиледи.

12-февралда Абдулло Навжувонов алгачкы маалымат жыйынында «Баткен эч качан кыргыздын жери болгон эмес» деген айткан. 14-февралда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине Тажикстандын элчиси Назирмад Ализода чакыртылган. Кыргыз тарап Навжувоновдун чек ара тууралуу айткан сөзүнө кескин тынчсыздануусун билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар