08:27
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кара-Кулжа районунда токой калыбына келтирилүүдө

Кара-Кулжа районунун жашоочулары аймагындагы токойду өз күчү менен калыбына келтирүүдө. Бул тууралуу «Экологиялык чечимдер институту» коомдук фондунун ачылышында «Мурас кыймылы» уюмунун өкүлү Гамал Соронкулов билдирди.

Анын айтымында, 2014-жылы 28 үй-бүлө биригип түзгөн «Арчун» коомдук уюму 110 гектар жерди ижарага алып, токойду калыбына келтирип баштады.

«2016-жылы деңиз денгээлинен 1,5 мин чакырымга жакын бийиктикте 800 кара өрүк көчөттөрүн Аксы районунан алып келип отургузду. Ошондой эле өз күчү менен булактан 3,8 миң чарчы метр арык казып келишти. Бирок, 30 гектар жерди суугарып, айланасын тосо алышты. Токойду калыбына келтирүүгө — мал жаюу тоскоол болууда», — дейт Гамал Соронкулов

Активисттин айтымында, жергиликтүү эл тартуулаган ачуу бадамдын уругу дагы себилди.

«Бадамдын багы кооз гүлдөйт, үрөнү ачуу болсо да өзүнүн баасы бар. Туркиянын ишкерлери аны дары жана косметологиялык каражаттарды жасаганга алышат», — деп түшүндүрдү Гамал Соронкулов.

Ал белгилегендей, райондо жалбырактуу бактарды өстүрүүчү жай ачылды. Ботаниктердин кеңешинен кийин көчөттөр айыл өкмөттөрүнө жашылдандыруу үчүн таратылат.

«Бишкекке келгенде сейил бактардан каштан менен эмендин уругун чогултуп кетебиз. Анан алып барып питомникте отургузабыз. Биринчи жыйынтык бар, көчөттөр өсүп атат», — дейт Гамал Соронкулов.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума