Өзбекстандын аткаминерлери чогулушту көнүгүү жасоо менен башташты. Бул тууралуу социалдык тармактарда видео тарады.
Маалыматка карганда, иш-чара мурда пландалган. Анткени катышуучуларга көнүгүүнү спорттук кийимчен киши көргөзүп жатты.
Эске салсак, 2-3 жыл мурун Ташкенттин өкмөтү массалык түрдө эртең мененки көнүгүүлөрдү жасоо боюнча массалык акция өткөрүшкөн.

