Өткөн жылы өкмөттүн аппаратына жазуу жүзүндө 4 миң 308, оозеки түрдө 829 кайрылуу түштү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, президенттин аппаратынан — 634, Жогорку Кеңештен — 756 кайрылуу түшкөн.
Ошондой эле www.kattar.kg порталы аркылуу түшкөн электрондук кайрылуулардын саны — 510ду түздү.
Жазуу жүзүндөгү кайрылуулардан сырткары премьер-министрдин коомдук кабылдамасына 356 жаран кайрылган. Эң эле көп арыз, даттануу жана сунуш Бишкек шаарынан — 1 миң 637 жана Чүй облусунан — 756 түшкөн.
Жарандардын бардык жазуу жүзүндөгү, оозеки кайрылууларынын тематикасы боюнча маселелерди төмөнкү багыттарга бөлүштүрүүгө болот:
— социалдык кызматтардын иши, пенсия, жеңилдиктер, жөлөкпулдар тууралуу жана материалдык жардам көрсөтүү маселелери — 356;
— агроөнөр жай, дыйкан жана фермердик чарбалардын маселелери жана жер маселеси — 353;
— билим берүү жана илим маселелери — 323;
— укук коргоо жана коопсуздукту камсыздоо маселелери — 301.