05:16
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кыргызстанда чыгарылган төлөм карталарынын саны 3 миллион даанага жетти

2019-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда чыгарылган төлөм карталарынын саны 20,8 пайызга өсүп, 3 миллион даанага жетти. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматка караганда, былтыр төлөм карталарын пайдалануу операциясынын көлөмү 240 миллиард сомго жакын каражатты түзүп, 2018-жылга салыштырмалуу 22,3 пайызга өскөн. Орнотулган банкоматтардын жана РОS-терминалдардын саны 1 миң 700 жана 11 миң 100 даанага жетти.

«Соода-тейлөө ишканаларында төлөм карталарын пайдалануу операцияларынын саны өткөн жылы 11 миң 100 миллион төлөмдү түздү. Бул 2018-жылга салыштырмалуу 73,4 пайызга өскөн», — деп билдиришти Улуттук банктан.

Эң көп окулган жаңылыктар