13:11
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна бир жумада 2 жарым миңдей кайрылуу түштү

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2020-жылдын 1-7-январь күндөрү 2 миң 547 телефондон кайрылуу келип түштү. Бул тууралуу Социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кайрылуулардын ичинен 30 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган. Алардын 4өө жаш балдардан, калган 26сы чоң адамдардан түшкөн.

«22 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар, 3 абонентке психологиялык консультация берилди. 5 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталды», — деп айтылат маалыматта.

30 чалуунун ичинен эркектерден — 7 (23,3%), аялдардан — 23 (76,7%), балдардан — 4: анын ичинен эркек балдардан — 0, кыздардан — 4 (100 %).

Эң көп окулган жаңылыктар