КСДП фракциясынын депутаты Асел Кодуранованын мүлкү камакка алынган жок. Бул тууралуу 24.kg агенттигине партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
Анын айтымында, буга себеп- депутаттын каттоодо турак үйү жана унаасы жок.
Асел Кодуранова кишилерди барымтага алуу жана бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу беренелери боюнча шектелүүдө. Ал 9-февралга чейин үй камагында отурат.