04:52
USD 87.45
EUR 102.86
RUB 1.14

ӨКМ: Токтогул районунда 2 унаа кагышып, 2 киши жеңил жаракат алды

Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунда 2 унаа кагышып, 2 киши жеңил жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек—Ош унаа жолунун 258-чакырымында «Тойота Секвойя» жана «ДЭУ Нексия» үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Кесепетинен 1976-жылы туулган аял жана 1999-жылы туулган кыз жеңил жаракат алышкан.

Куткаруучулар жабыркагандарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүшүп, Токтогул райондук ооруканасына жеткиришкен.

Эң көп окулган жаңылыктар