Бишкектеги «Ак-Өргө» калктуу конушунда жол кырсыгы катталып, бир аял каза тапты. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Бүгүн саат 14:25 чамасында «Хонда Стрим» үлгүсүндөгү унаа менен КамАЗ сүзүшкөн. Кесепетинен КамАЗ жолдун четине сүрүлүп, жөө жүргүнчүнү тебелеп кеткен.
«56 жаштагы жөө жүргүнчү алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерден каза болду. Ал эми унаалардын айдоочулары ооруканага жеткирилди. Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды», — деп билдиришти башкармалыктан.

