Бишкекте ушул жумада «Республика» партиясыны съезди өтөт. Бул тууралуу 24.kg агенттигине саясий уюмдан билдиришти.
Жеке булак билдиргендей, күндүн темасында жаңы лидерди тандоо жана парламенттик шайлоого «Ата-Журтсуз» «Республика» партиясы жалгыз бара турганы тууралуу маселе каралат.
«Өмүрбек Бабанов төрагалык кызматтан кетүү тууралуу билдирүү жасашы ыктымал, анын ордуна жаңы башчы дайындалат. Бул орунга эки депутат- Мирлан Жээнчороев жана Кенжебек Бокоев талапкер болушууда», — деп билдиришти партиядан.
Эске салсак, «Ата-Журт» партиясы 2020-жылы шайлоого өз алдынча катыша турганын билдирген.