02:01
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

«Ата-Журт» партиясы 2020-жылы шайлоого өз алдынча катышат

Экс-спикер Ахматбек Келдибеков 24.kg агенттигине «Ата-Журт» партиясын ким башкарганын айтып берди.

Анын билдирүүсүндө, «Ата-Журттун» эки төрагасы бар, бири өзү, экинчиси- мурунку депутат Камчыбек Ташиев.

««Республика -Ата Журт» партиясы 2017-жылдан бери жок. Президенттик шайлоо алдында биз съезд өткөрүп, анда расмий түрдө саясий уюмдун ишмердүүлүгүн токтотуу тууралуу билдирүү жасаганбыз. Ошондо эле «Ата-Журт» «Республикасы» жок эле 2020-жылы шайлоого өз алдынча бара турганын жарыялаганбыз», -деди Ахматбек Келдибеков.

«Республика -Ата Журт» парламенттик фракциясы 6-чакырылыштын акыркы мөөнөтүнө чейин иштейт.

Ахматбек Келдибеков
Эң көп окулган жаңылыктар