Бишкек — Новосибирск жаңы каттамы ишке кирди. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти.
Маалыматка таянсак, 8-декабрдан тарта № 385/386 Бишкек — Новосибирск жана Новосибирск — Бишкек каттамы иштеп баштады.
Кыргызстандын борборунан поезд ар сегиз күн сайын жүрүп турат. Билеттин баасы- 8 миң сомго жакын.