19:24
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Бишкекте «100 портрет» аттуу фотодолбоор уюштурулат

15-декабрда Бишкекте «100 портрет» аттуу фотодолбоор уюштурулат. Бул тууралуу «Оймок арт» студиясынын жетекчиси Айжан Акылбекова 24.kg агенттигине билдирди. 

Айжан Акылбекованын архивинен алынды
Фото Айжан Акылбекованын архивинен алынды

Айтымында, быйыл элечектин же тебетейдин ичинен гана кийилчү кеп такыяны өз алдынча тестиер кыздарга кийип жүрүүнү уюштуруучулар сунушташат.

«Улуттук баш кийимдерди даңазалоо максатында 2013-жылдан бери иш-чараларды Кыргызстандын аймагында жана чет өлкөдө уюштуруп келебиз. Бул долбоорго тестиер кыздар апалары, таенеси, чоң энеси болуп бир нече муун катышканы жатат. Энелер элечек кийет. Бардык кийимдер «Оймок арт» кийим студиясынан даярдалып жатат», — дейт Айжан Акылбекова.

Эске салсак, Швециянын Стокгольм шаарында «Элечек жумалыгы» долбоорунун алкагында, кыргыздардын улуттук баш кийиминин флеш-мобу өткөрүлгөн. Анда ак элечек кийген айымдар Швециянын борборун кыдырышкан. Мындай иш-чара Москва жана Стамбул шаарында да өткөн.

Эң көп окулган жаңылыктар