02:42
USD 87.00
EUR 90.43
RUB 0.88

Тажикстанда мунапыс менен эркиндикке чыккан 60 адам кайрадан кылмышка барган

Тажикстанда мунапыс менен бошотулган адамдардын 60тан ашыгы эки жумадан кийин кайра кылмышка барган. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз катчысы Умаржони Эмомали билдирди.

Анын айтымында, алардын көбү уурулукка шектелип кармалса, бирөөсү зордуктоо айыбы менен камакка алынды.

«Кылмыштардын бирөөсүн мунапыс менен абактан чыккан адам эртеси эле жасаган. Вахш районунун тургугу зордуктоо айыбы менен кармалды. «Мунапыс тууралуу» мыйзам ишке ашкандан кийинки эки жуманын ичинде эркиндикке чыккан адамдар тарабынан 50-60 кылмыш жасалды», — деди басма сөз катчы.

Адам укуктары жана мыйзамдуулуктун сакталышы боюнча бюронун иликтөөсүнө ылайык, сурамжылоого катышкан абактан чыккан 300 адамдын көбү «эркиндикке чыккандан кийин оор шарттарга кабылып», өздөрүн «экинчи сорттогу адам катары» сезе тургандыктарын айтышкан.

Бир жыл мурда Тажикстандын Башкы прокуратурасы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн абактан чыккандарды жумушка орноштурууга милдеттендирген. Өлкөнүн Эмгек жана калкты иш менен камсыз кылуу министрлиги 2018-жылы 60 миңден ашык адам, анын ичинде абактан чыккандар жумуш менен камсыз болгонун билдирген. Мындан тышкары аларга кичи бизнес ачууга жеңилдетилген насыялар жана эркиндикке чыккандан кийинки алгачкы үч айдагы жашоосу үчүн 1200 сомониден (120 доллар) бериле турганы айтылган.

Быйыл октябрда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өлкө Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 25 жылдыгына карата «Мунапыс» тууралуу мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, 20 миңден ашык адамга ырайым берилмек. Өткөн жумада Коопсуздук кеңешинин жыйынында он миңге жакын адам мунапыстын негизинде эркиндикке чыгып же жазалары жеңилдетилгени айтылган.

Эң көп окулган жаңылыктар