Ош шаардык перинаталдык борборунда дагы 3 эм төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
31 жаштагы А.А., аттуу келин төрөт үйүнө 14-ноябрда келген. 16-ноябрда ал кесарево жолу менен 3 кыздуу болду. Наристелердин ар биринин салмагы 2 килограммдан жогору.
Эске салсак, жыл башынан бери эсеп боюнча жетинчи үч эм төрөлдү. 28-октябрда Ош шаардык төрөт үйүндө 3 эм төрөлгөн.