Бишкектин 10-кичирайонундагы № 33 үйгө дагы деле жылуулук бериле элек. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окурмандар билдиришти.
«Батареялар жана түтүктөр муздак, акчаны биз эмнеге төлөп жатабыз? Эмнеге үшүп жана оорушубуз керек?», — дешет алар.
«Бишкекжылуулуктүйүнү» ААКдан тургундардын кайрылуусу жетекчиликке берилгенин айтышты.