21:02
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

«Хизб ут-Тахрир» уюмунун экстремисттик материалдарын таратып жүргөн кыз кармалды

Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунда Кыргызстанда тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» уюмунун экстремисттик материалдарын таратууга шектүү делген кыз кармалды. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти. 

Маалыматка караганда, 18 жаштагы кыз Бишкектеги эл аралык университетинин 2-курсунда окуйт.

«Августта милицияга аялдар үчүн райондук намазканада экстремисттик материалдарды таратып жатат деген маалымат түшкөн. «Хизб ут-Тахрирдин» идеологиясын жергиликтүү эл арасында жана соцтармакта таратышкан. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Аталган окуяга шектүү делип студент кыз кармалып, анын жанынан арача 54 китеп жана дептерлер табылган. Текшерүү маалында кыздын телефонунан ал «Мухсинбек Мубинов деген такма ат менен аккаунт ачып, уюмдун идеологиясын таратып жүргөнү анык болду», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар