20:46
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Бегимай Кубанычбекова: Окуумду аяктасам Германияда медайым болуп иштейм

Бегимай Кубанычбекова Au-Pair программасы менен Германияга барып, ал жакта калып калган жаштардын катарында. 5 жыл мурда Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетиндеги окуусун таштап, Европага бала кароо үчүн кеткен. Жумуш берүүчүлөр менен келишимдин мөөнөтү бүткөндөн кийин мекендешибиз Штутгард шаарындагы Медициналык академияга тапшырып, учурда аны аяктоо алдында турат. 

— Германияга дароо көнүп кеттиңизби? Кандай үй-бүлөгө туш болдуңуз?

— Алгач мында келгенде менден бактылуу адам болгон эмес. Анткени көптөн бери самаган кыялым ишке ашып, чет тил үйрөнүп, башка элдин маданиятын, салт-санаасын көрүп, жер таануу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Мен барган үй-бүлө аралаш — атасы немец, апасы украин улутунда эле. Алар өздөрү жашаган аймактан алыс иштегендиктен, баласын мен карачумун. Эртең менен ойготуп тамагын берип, сабакка жиберүү менин мойнума жүктөлгөн. Аны түштөн кийин тосуп алып, үй тапшырмасын аткарганга жардам берчүмүн.

Негизи үй-бүлөлөр менен тил табыша албай калгандар дагы болот. Бактыга жараша мени кабыл алган үй-бүлө абдан маданияттуу, жакшы кишилер, азыркыга чейин жолугуп, ал-абалды сурашып турабыз.

Бул жакта балдарды тарбиялоодогу эң башкы нерсе — эч качан кол көтөрбөйт. Балдар кичисинен тарта өз оюн эркин айтканды үйрөнүшүп, коркок же сөзгө чоркок болушпайт. Жөн гана сөз менен түшүндүргөнгө аракет кылышат.

— Сиз окуган Академия тууралуу айтып берсеңиз, башка кыргызстандыктар дагы окушабы?

— Штудгарт шаарында кыргыздар көп. Мен окуган Академияда да жердештерим бар. Айрымдары окуусун аяктап, иштеп жатышат. Негизи академиянын бүтүрүүчүлөрү жумушсуз калбайт. Окуубуз бекер, жатакана менен камсыздайт. Алган стипендиям өзүмө жетиштүү, бир күндө 10 евронун тегерегинде коротом.

Биздин курста 3 кыргыз кыз окуйбуз, кээде эжейлерибиз бизди алмаштырып алган учурлары болот. Бири-бирибизди колдоп турабыз.

Германиядагылардын айрымдары Кыргызстан тууралуу биле беришпейт. Көптөр Орусия менен алмаштырат. 

— Сизди таң калтырган кандай көрүнүштөрдү байкадыңыз?

— Таң калтырган нерселер көп болду. Мени кабыл алган үй-бүлөнүн убакыты аз болгондуктан, күнүгө тамак жасап жешчү эмес, кечки тамакка бутерброд жасап жеп жатып алышчу. Андайга көнбөгөн жаным өзүм тамак жасап жейт элем. Кантип ысык тамак ичпей жашайт деп таң калгам.

Жолдон адашып калып жергиликтүү тургундардан сурасаң сөзсүз жардам беришет. Немецтер түшүнүктүү калк, катуу айтып, же шылдыңдабайт.

Жоопкерчиликтүү, сөзгө бекем турган, алдабаган, башкага көз каранды болбогон сапаттарын өзүмө ала алдым десем болот.

Бегимай Кубанычбекова

Мени таң калтырган дагы бир нерсе немецтер адам менен сүйлөшкөндө көзгө тике карашат. Менин алган тарбиям боюнча көзгө тике караганды адамдарды сыйлабастык деп билчүмүн. Бул жакта кишинин көзүнө тике карап сүйлөшкөндү үйрөндүм.

Шаардагы автобус, электричка, поезддер убактысы менен жүрөт. Эч качан кечигип же шашып да кетпейт, аялдамада илинип турган план боюнча каттайт. Өнүккөн өлкөлөрдөй эле таштандыларды өз өзүнчө чогултуп ыргытышат.

— Кыргыздын кызына сөз айткандар болдубу?

— Учурда немец улутундагы жигитим бар. Окууну бүткөндөн кийин баш кошолу деп турабыз. Аны менен тил үйрөнүп жатканда таанышкан элек. Жигитим Кыргызстанга барып туугандарым менен таанышып келген.

 Келиңиз эми тамак-ашы тууралуу сүйлөшөлүк, өзүңүз тоолуу Нарындын кызы болсоңуз, нукура азыктарды сагынсаңыз керек?

— Германияда элдин убактысы аз болгондуктан, көп нерсе тоңдурулуп сатылат. Баары тууралган, аарчылган, майда кесилген, формасын сактоо, жакшы даам берүү жана көпкө сакталыш үчүн ар кайсы химикаттар кошулган. Мен андай азыктарды жей албайм.

Бул жакка келгени менин жакшы көргөн тамагым -шнитцел (эт, жумуртка, ун, нандын күкүмү менен куурулат) жана сосика, жакшы көргөн суусундугум -апфелшорле (алманын ширеси газдалган суу менен аралашат) болуп калды. Ошондой эле балмуздактары даамдуу келет, анткени италиялыктардын рецепти менен жасашат. 

Көп учурда өзүбүздүн улуттук тамак-ашыбызды, айрыкча камыр менен этти сагынам. Кээде жасаганга туура келет.

Климаты тууралуу айта кетсем, күн өтө суук болбойт. Минус градус чанда гана болот.

Ошентсе да Нарындын таза абасына эч нерсе жетпейт! Бирок, азырынча Кыргызстанга кайтып барууну ойлоно элекмин. Балким, окуумду аяктасам бул жактан жумушка орношуп иштеп, кийин топтогон тажрыйбамды эки өлкөнүн ортосунда бөлүшүү жолун ойлонуп жүрөм.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума