Кыргызстанда таасири күчтүү уулуу заттарды колдонуудагы коопсуздук эрежелери бекитилди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.
Тийиштүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Бул чечим Кыргызстанда таасири күчтүү уулуу заттарды колдонууда коопсуздукту камсыз кылуу, авариялык кырдаалдардын тобокелчилигин төмөндөтүү, жарандардын өмүрүн жана ден соолугун сактоо максатында кабыл алынды.
Аталган коопсуздук эрежелери баңгизаттар, психотроптук заттар, пестициддерге байланыштуу болгон процесстерде колдонулбайт.
Кабыл алынган коопсуздук эрежелери бардык объекттерди техникалык жактан жөнгө салууда аварияга каршы туруктуулугун жогорулатуу; ишкерликтеги тобокелчиликтердин деңгээлин азайтуу жана атамекендик, чет өлкөлүк инвесторлор үчүн бул объекттердин коопсуздук жаатындагы шарттарын жакшыртууга мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

