АКШда жашаган мекендештер тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен жолугушту. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Чыңгыз Айдарбеков учурда АКШда иш сапары менен жүрөт. Ал Вашингтон шаарында мекендештер менен жолугушту.
Белгилей кетсек, Чыңгыз Айдарбеков БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынында сөз сүйлөп, Кыргызстандагы реформалар жана багыты боюнча айтып берди. Социалдык тармактын колдонуучулары министрдин оратордук чеберчилигине оң баа беришти.