Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанга которулган акчанын көлөмү 1 миллиард 126,4 миллион долларга жетти. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 102,4 миллион долларга кыскарды.
Акча которуулардын саны боюнча алдыда Орусиядагы мекендештер турат. Алар 1 миллиард 104,6 миллион доллар которушкан. Кийинки катарда АКШ бар.
6 айдын жыйынтыгы менен Кыргызстандан чет өлкөгө которулган сумма 247,5 миллион долларды түздү.