Нарын облусуна караштуу Кочкор айылындагы жол кырсыктан 2 киши жабыркады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Кырсык Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 185-чакырымында болгон.
Маалыматка караганда, «Ауди-100» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай калып, унаа жолдон чыккандан кийин электр мамысын сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен 2014-жылы туулган Т. кызы Х. менен 1960-жылы туулган А.С. аттуу аял жабыркаган. Куткаруучулар аларды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришти.