06:12
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Индияда мусулмандардын «үч талак» берип ажырашуусу кылмыш болуп саналат

Индиянын парламенти «үч талак» берип ажырашкан мусулмандардын салтын кылмыш деп тааныган мыйзам кабыл алды. Бул тууралуу ВВС маалымдайт.

Мусулманчылыкта үч жолу «талак» деп айткан эркек аялы менен ажырашкан болуп эсептелет. Кээ бир мусулман элдеринде талакты ар кандай формада, анын ичинде электрондук текст түрүндө да жазып жиберип, ажырашкан учурлар бар.

Индиянын Жогорку Соту бул практиканы 2017-жылы эле Конституцияга каршы келет деп тааныган.

Эми үч талак берип ажырашкан эркекти жаңы мыйзам боюнча үч жылга чейин түрмөгө камаса болот.

Жаңы мыйзамдын жактоочулары аны мусулман аялдардын укуктарын коргоонун маанилүү чарасы катары карашууда. Каршы болгондор бул өтө эле катаал чечим деп жатышат жана мунун артында бөрк ал десе баш алмай да болбой койбойт деп кабатыр болууда.

Бул мыйзам долбоору парламентти биринчи жолу 2017-жылы каралган, бирок анда парламенттин жогорку палатасында колдоого алынган эмес.

Индиянын башкаруучу партиясы болгон «Бха́ратия джа́ната па́рти» (БДП) бул мыйзамды колдоого алды, ал эми оппозициядагы партия Улуттук Конгресс каршы болууда.

Парламент кылмыш катары тааныган «үч талак» практикасы мусулман аялдарга карата тарыхый жаңылыштыкты оңдоп, өлкөдө гендердик теңчиликти камсыз кылууга өбөлгө болот деп жатышат.

Индияда мусулман эркектер кат же телефон аркылуу, керек болсо WhatsApp жана Skype менен «үч талак» берип аялы менен ажырашкан учурлар болууда. Талакты тааныбай кээ бир аялдар сотко кайрылышкан.

«Үч талак» менен ажырашуу шариатта да, Куранда да эч жерде жазылган эмес дешет, бирок бул практиканын жашап жатканына ондогон жылдар болду.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума