06:51
USD 87.45
EUR 101.91
RUB 1.14

Коррупция менен күрөшүү. Депозиттик эсепке 1 миллиард сомдон ашуун каражат түштү

Мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке жалпы 1 миллиард 443 миллион 636,9 миң сом келип түштү. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, которуулар боюнча алдыңкы көрсөткүчтө Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы турат. Алар 757 миллион 941,2 миң сом которушкан.

Ошондой эле 251 миллион 42,3 миң сом Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан, 427 миллион 567,6 миң сом Башкы прокуратура тарабынан, 7 млиллион 85,8 миң сом Ички иштер министрлиги тарабынан которулду.

Эң көп окулган жаңылыктар