Centerra Gold Inc. компаниясынын директорлор кеңеши 6 миллион долларды Кумтөр кениндеги геологиялык чалгындоого жөнөтүү чечимин кабыл алды. Бул жарым миллиард сомго барабар кошумча инвестиция Кыргызстандын экономикасы үчүн жакшы жышаан берип, ири кендеги алтынды казууну улантуу өлкөнүн бюджетине кошумча киреше түшөрүн билдирет.
Тарыхый рекорд
Centerra Gold компаниясынын директорлор кеңеши жактырган 6 миллион доллар — бул эки жылдык (2018-2019-жылга карата) 18 миллион доллардык бюджеттүү геологиялык чалгындоо программасына кошумча акча. Аталган программа 2014-жылы токтотулуп, 2018-жылы кайра иштеп баштады. Эми бюджети үч эсеге көбөйтүлүп, 24 миллион долларга жетти.
Өткөн жылы чалгындоо иштерине 6,5 миллион доллар жумшалган. Ошондо 2019-жылы геологиялык чалгындоо иштерине Кумтөр 17,5 миллион, же 1,2 миллиард сомдон ашык каражат жумшайт.
Белгилей кетсек, 2005-жылы Кумтөрдү чалгындоо иштерине 14,5 милллион доллар сарпталган.
Жакшы жышаан
Centerra Gold компаниясынын жогоруда аталган чечими — Кыргызстандын экономикасы үчүн маанилүү жаңылык. Анткени, чалгындоо иштеринин олжолуу жыйынтыгы кен казуу бир нече жылга улантыларын билдирет. Демек кендеги ишкана жана анын 600дөн ашык өнөктөштөрү өлкөнүн өндүрүшүнө жана экспортуна салым кошуусу үзгүлтүксүз улантылат. Азыркы жумушчу орундар сакталып, жаңы кызматтар дагы түзүлөт.
«Кумтор Голд Компани» ишканасы жана анын өнөктөштөрү Кыргызстандын бюджетине ири өлчөмдөгү салыктарды төлөп, аймактарды колдоо жана социалдык долбоорлорун ишке ашыра берет.
Алгылыктуу маалыматтар
Чалгындоо иштери азыр эле жакшы жыйынтыктарды көрсөтүүдө. Өткөн жылкы иштер Орто Тянь-Шандан Кумтөргө, андан ары Кытай чек арасына чейинки алтын боюнча илимий маалыматтарды ырастады.
2018-жылы чалгындоонун жүрүшүндө 92 скважинаны тешип, анын аянкты 24 чакырым 381 метрди түздү.
Геологтор акыркы бүтүмү 2020-жылы чыгат. Бирок, серепчилердин маалыматында, Кумтөр кени түгөп бара жаткандыгы боюнча маалымат чындыкка дал келбейт.
«Кумтөр кени ондогон чакырым жерди ээлеген бөлүктөргө жайгашкан. Алардын көбү алтынга бай», — дейт Улуттук академиянын илимпозу Розалия Женчураева.
Кептин баары келишимде
Кумтөрдү токтотпой, ийгиликтүү иштетип кетүү чүн Кыргызстан менен Centerra Gold стратегиялык келишимдин алдын алган баардык талаптарды аткарышы керек. Ал талаптардын мөөнөтү кийинки аптада 31-июлда бүтөт.
Бул келишимге кол коюлушу Кумтөр кенине салына турган инвестициянын келечегин чечип, эң ири салык төлөөчү Кыргызстандын бюджетин толтурууну улантары боюнча суроого жооп берет.

