00:02
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Тоодон кулаган жаш жигит ооруканада каза болду

Чоң-Арык айылында тоодон кулаган жаран ооруканада каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтен билдиришкендей, Бишкектин түштүгүндөгү Чоң-Арык айылында 4 киши тоого эс алууга чыккан.

«Экөөсү тоодон кулап кеткен. Министрликке маалымат болжол менен саат 02:00де (15-июль) келип түшкөн. Жерине жалпы 10 куткаруучу тартылган. Жабыркаган жарандарды тоодон алып түшүшүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Жабыркаган жарандын бири 18 жаштагы (2001-ж.т.) эркек киши ооруканада каза болгон», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар