«Келечек» конушунда жоголгон 5 жашар бала «Дордой» базарында табылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милиция кызматы билдирди.
Милициядан белгилешкендей, кечээ болжол менен саат 15:00дө Свердлов райондук милициясына «Келечек» конушунда 5 жашар А.Э. аттуу бала үйүнөн чыгып, кайра келген жок деген маалымат түшкөн.
Издөөгө киришкен милиция кызматкерлери баланы «Дордой» базарынын аймагынан табышып, ата-энесине тапшырышкан.