УКМКнын алдында мурдакы элчи Кылычбек Султанды колдоо митинги өтүп жатат. Ага «Супер инфо» гезитинин жана Super.kg порталынын журналисттери катышууда.
Кылычбек Султандын айтымында, УКМК аны күбө катары чакырган. Бирок, сурак боюнча маалымат бербөөгө кол койгондуктан кылмыш иши боюнча кенен айта албайт.
Кылычбек Султан кечээ беш саат суракта олтурду.
Митингге чыккандар ал чыкканча күтүп турушмакчы.