Бүгүн күндүз кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.
«Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 метр секундга жетет. 28-30-июнь күндөрү абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу, республикадагы дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү ыктымал», -деп жазылат маалыматта.

